# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5400/edition/17249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014648

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 30-сентябры № 166 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014648/st-1)

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

31-беренеде:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештери - 51 депутат;";

б) 2-пунктта:

- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20001ден 70000ге чейин - 31 депутат;";

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"70001ден тартып жана андан көп - 41 депутат;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014648/st-2)

"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Бишкек шаардык кеңешинин сандык курамы - 51 депутат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014648/st-3)

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Ош шаардык кеңешинин сандык курамы - 51 депутат.".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014648/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 75 (3629) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 19-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
