# Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 7 "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 7 "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32846/edition/17199/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 7 "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому (01.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014602

---

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22- сессиясы

2024-жылдын 1-февралы № 7

КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 18-январында кабыл алынган №4 “Салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндө мыйзамын (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3 -апрелиндеги № 78-мыйзамынын редакциясына ылайык) Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон салыктык укук мамилелерине жайылтылат.

3. Мүлк салыгы 2022-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин айыл аймагына киргизилсин.

4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы:

С. Токонов
