Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясынын стратегиялык багыттарын аткаруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-сентябры № 571-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 87-т тескемеси менен бекитилген 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясынын стратегиялык багыттарын аткаруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- Планды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясынын стратегиялык багыттарын аткаруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Чаралар/иш-аракеттер
Акыркы мөөнөтү
Натыйжа
Жооптуу орган
Эскертүү
1
Каржылоонун исламдык принциптери (КИП) боюнча акча-кредиттик саясаттын инструменттерин ишке киргизүү
1.1
Акча-кредиттик саясаттын инструменттерин ишке киргизүү көз карашында ченемдик-укуктук базаны изилдөө
01.06.2026
Ченемдик укуктук актыларды талдоонун натыйжаларын эксперттик баалоо
УБ (макулдашуу боюнча)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
1.2
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү
01.01.2027
Ченемдик укуктук актынын долбоорун рыноктун катышуучулары, мамлекеттик бийлик органдары, тиешелүү шариаттык кеңештер жана башка кызыкдар жактар менен макулдашуу
УБ (макулдашуу боюнча)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
1.3
КИП боюнча акча-кредиттик саясаттын инструменттерин ишке киргизүү боюнча ЧУА долбоорун жумушчу топтун деңгээлинде жактыруу/бекитүү
01.06.2027
Жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан ЧУА долбоорунун жактырылышы/бекитилиши
УБ (макулдашуу боюнча), КИП секторунун катышуучулары
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
1.4
КИП боюнча акча-кредиттик саясаттын инструменттерин ишке киргизүү
01.06.2027
Акча-кредиттик саясаттын инструменттерин апробациялоо, баалоо жана ишке киргизүү
УБ (макулдашуу боюнча)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
Исламдык ФКУну/ФКУда ислам терезелерин ачуу
1.5
Пилоттук долбоордун алкагында КИПтин ийгиликтүү ишке киргизилгендигин, Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана "Экобанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун денонсациялангандыгын таануу
01.06.2027
"Экобанк" ачык акционердик коомун исламдык банкка трансформациялоо
УБ (макулдашуу боюнча)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
1.6
Перс булуңундагы өлкөлөрдөн (Сауд Аравиясы, Оман, Бахрейн жана башкалар) жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн (Индонезия, Малайзия, Сингапур жана башкалар) потенциалдуу инвесторлорду издөө
Дайыма
Сунуштамаларды даярдоо жана потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүү
УБ (макулдашуу боюнча)
Эң мыкты практикаларды үйрөнүү
1.7
Исламдык финансы индустриясын өнүктүрүүнүн негизги фактору болгон ишенимдүү жана жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү
Дайыма
Эл аралык стандарттарды имплементациялоо, КРдагы өзгөчөлүктөрдү жана түзүлгөн ишкердик практикасын эске алуу менен мыкты эл аралык практикалардын элементтерин КР мыйзамдарына киргизүү
УБ (макулдашуу боюнча)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
1.8
Исламдык ФКУну же ФКУда "ислам терезелерин" түзүү процессине көмөк көрсөтүү
Дайыма
КИП боюнча иштеген ФКУну каржылоо үлүшүн көбөйтүү
УБ (макулдашуу боюнча)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
1.9
Финансы рыногунун катышуучуларына КИП боюнча агенттик макулдашуулардын жаңылыктарын колдонууда көмөк көрсөтүү
Дайыма
КИП секторунун катышуучуларына агенттик макулдашууларды колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берүү
УБ (макулдашуу боюнча)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
КИП боюнча иштеген ФКУнун депозиттик базасын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү
1.10
Банктык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу жеке зыяратка калктын узак мөөнөттүү аманаттарынын көндүмдөрүн топтоо жана иштеп чыгуу
01.06.2027
Топтомо продуктуну ишке киргизүү
УБ (макулдашуу боюнча), КИП секторунун катышуучулары
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
2
Исламдык баалуу кагаздар (сукук)
2.1
Мамлекеттик исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү үчүн бөгөттөрдү алып салуу предметине мыйзамдарга талдоо жүргүзүү
01.12.2027
ЧУА талдоонун натыйжаларын эксперттик баалоо
ФМ, Финкөзөмөл
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
2.2
Корпоративдик исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү үчүн бөгөттөрдүн болушу предметине мыйзамдарга талдоо жүргүзүү
01.12.2025
ЧУА талдоонун натыйжаларын эксперттик баалоо
Финкөзөмөл
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
2.3
Инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик объекттин же долбоордун базасында мамлекеттик исламдык баалуу кагаздарды биринчи инвестициялык чыгарууну уюштуруу
01.12.2027
КР аймагындагы сукук ээлеринин реестри
ФМ, ММБМА, ЭМ
ГЭСтерди, соода борборлорун куруунун мүмкүн болгон варианттары
2.4
Мамлекеттик исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү
01.06.2025
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору
Финкөзөмөл
Каржылоо талап кылынбайт
3
Исламдык камсыздандыруу (такафул)
3.1
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" КР Мыйзамын жана КРнын башка ченемдик укуктук актыларын кайра кароо
01.09.2024
"Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты
Финкөзөмөл
Каржылоо талап кылынбайт
3.2
3.1-п. боюнча мыйзам алдындагы актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү
01.01.2025
"Камсыздандыруу иши чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору кабыл алынды
Финкөзөмөл
Каржылоо талап кылынбайт
3.3
Такафул/ретакафул камсыздандыруу системалары боюнча камсыздандыруу компанияларынын адистерин окутуу жана даярдоо
01.12.2025
Алынган тажрыйбаны колдонуу
Финкөзөмөл
Финкөзөмөл тарабынан каралган каражаттардын чегинде, камсыздандыруу компанияларынын каражаттары
3.4
Такафул/ретакафулдун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө калкка маалымдоо боюнча кампанияны өткөрүү
01.06.2025
Калкка такафул/ретакафулдун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдалды
Финкөзөмөл
Финкөзөмөл тарабынан каралган каражаттардын чегинде, камсыздандыруу компанияларынын каражаттары
3.5
Салттуу камсыздандыруу компаниясында "ислам терезесин" түзүү процессине көмөк көрсөтүү
01.06.2026
Салттуу камсыздандыруу компаниясында "ислам терезесин" ачуу
Финкөзөмөл, камсыздандыруу компаниялары
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын чегинде
4
Адал-индустрия (тамак-аш өнөр жайы тармагы)
4.1
Каржылоонун мамлекеттик программалары аркылуу адал-индустриянын продукцияларын өндүрүүнү каржылоо (ЧОБ ж.б.)
01.06.2025
Өндүрүштүн көлөмдөрүн көбөйтүү, адал-индустрияны экспорттоого көмөк көрсөтүү
ЭКМ, САЧКӨМ, ФМ
Каржылоонун мамлекеттик программаларына (ЧОИ ж.б.) бөлүнгөн каражаттардын чегинде
4.2
Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө адал-сертификаттарды өз ара таануу
01.01.2027
Өлкөлөр менен кызматташууну камсыз кылуу, макулдашууларды жана/же меморандумдарды түзүү
ЭКМ
Каржылоо талап кылынбайт
4.3
Кыргыз Республикасында адал-продукцияны байкоого алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча механизмдерди түзүү
01.01.2027
Сертификатталган адал-продукция үчүн байкоо жүргүзүүнүн маалыматтык системасы иштелип чыкты
ЭКМ
Каржылоо талап кылынбайт
4.4
Адал-продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө калкка маалымдоо боюнча кампанияны өткөрүү
01.01.2027
Семинарларды жана форумдарды өткөрүү
ЭКМ
Каржылоо талап кылынбайт
Кыскартуулардын тизмеси:
КР
-
Кыргыз Республикасы
УБ
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ММБМА
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик
Финкөзөмөл
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
ЮМ
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭМ
-
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЧУА
-
ченемдик укуктук акт
ФКУ
-
финансы-кредиттик уюмдар
КИП
-
каржылоонун исламдык принциптери
ЧОБ
-
чакан жана орто бизнес
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 87-т (2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын…Распоряжение · 03.03.2023 · № 87-р
- Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндөЗакон · 29.04.2025 · № 89
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон