# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 580
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014522>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32779/edition/17127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014522.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014522

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-сентябры № 580

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)

Актыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:

- "Ведомстволук форма кийими" главасынын төртүнчү абзацында "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр "Ички иштер министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
