# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 578 "Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 578 "Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 578
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32775/edition/17116/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 578 "Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (23.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014520

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-сентябры № 578

Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 15-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
