# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 551
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32727/edition/17053/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (09.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014461

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 9-сентябры № 551

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 , 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарынын эсебинен Өнүктүрүү жана дем берүү фондун түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунда каралган эмгекке катышуу коэффициенти түрүндө эмгек акы фондун үнөмдөөнүн эсебинен кошумча төлөмдөрдү этап-этабы менен жокко чыгаруучу дем берүүчү төлөмдөрдүн жаңы механизмин иштеп чыксын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
