# Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги "Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын Исраилов Саяк атындагы бала бакчасынын директору Г.Кыргызбаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө" №3 токтому

- Толук аталышы: Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги "Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын Исраилов Саяк атындагы бала бакчасынын директору Г.Кыргызбаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө" №3 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32664/edition/16983/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги "Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын Исраилов Саяк атындагы бала бакчасынын директору Г.Кыргызбаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө" №3 токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014390

---

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 12-апрели №3.

Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын Исраилов Саяк атындагы бала бакчасынын директору Г.Кыргызбаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө

IX чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 14-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак Муз айылын дагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №415 “Мектепке чейинки билим берүнү өнүктүрүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтомун эске алып жана Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2024-жылдын 19-январындагы №21 катында М.Субагожоев көчөсүндөгү №33 турак үйдө кошумча корпус катары иш алып баруусуна каршылык жок экендиги көргөзүлгөнүн жана дагы

НРАОААжМСЭКБМнин Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн 2024-жылдын 29-февралынын №95 катында бала бакчага кошумча корпус ачууга уруксаат берилгендигин НАРЫНСКОЕ РЕГИОНАЛЬНОЕ УПРАВЛЕНИЕ ПО ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВУ И АРХИТЕКТУРЕ.ТЕХНИЧЕСКОЕ ЗАКЛЮЧЕНИЕ №15 04-апрелде бала бакчага кошумча корпус ачууга уруксат берилгенин эске алып Ак-Муз айылынын М. Субагожоев көчөсүндөгү №33 жайгашкан жеке менчик турак үйүн кошумча корпус катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Ак Муз айылын дагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчасына Ак-Муз айылынын М. Субагожоев көчөсүндөгү №33 жайгашкан жеке менчик турак үйү пайдаланууга үч тараптуу ижара келишимин тактап түзүү жагын Ак-Моюн айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Штаттык бирдиктерди түзүп айлык акысын чечтирип берүү жагы Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.

Төрага:

Ж. Алыбаев
