Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 12-сентябры № 541-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында талаптагыдай контролду жана мамлекеттик контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсүн орнотуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 55-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- "Кең-Сай - автожол";";
- 2-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабыл алынган чечим жөнүндө өзбек тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 55-т (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо…Распоряжение · 15.02.2023 · № 55-р
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98