# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августунун № 505 "Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августунун № 505 "Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 505
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32645/edition/16960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августунун № 505 "Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (26.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014363

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-августу № 505

Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 "Чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А. У. Жапаров
