# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 264
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230014362/edition/16956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (17.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014362

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2024-жылдын 16-сентябры ПЖ № 264 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ N 50 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 30-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- I бөлүмдүн 1-главасында:

он биринчи абзац "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында)" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары - бөлүмдүн башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктагы борбордун курамында)" деген сөздөр менен толукталсын; он үчүнчү абзацта "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары (башкармалыктын курамында)" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) (КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 50 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүү киргизилсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 50 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасыны

н Президентинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Begin\_nocompare

1-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ

". End\_nocompare
