# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 575
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32639/edition/16943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (19.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014355

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 19-сентябры № 575 Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү жөнүндө "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 "Дары каражаттарынын сапатын баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 73 (3627) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
