# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10703/edition/16872/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (19.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014276

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 269

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Суу жана жер ресурстарын башкаруу, коргоо жана пайдалануу маселелери боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:

- 2-пунктта "жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пунктта "жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 17-пунктта "жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган" деген сөздөр алып салынсын;

3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин курамында:

- үчүнчү абзацта "жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- сегизинчи абзацта "айыл чарба" деген сөздөр "жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
