# Туз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 54/28-XVIII "Туз айыл аймагындагы жер участогун которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Туз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 54/28-XVIII "Туз айыл аймагындагы жер участогун которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54/28-XVIII
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32573/edition/16867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 54/28-XVIII "Туз айыл аймагындагы жер участогун которуу жөнүндө" токтому (15.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014274

---

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 15-июну №54/28-XVIII Туз айыл аймагындагы жер участогун которуу жөнүндө Туз айыл аймагында жайгашкан аянты 0,22 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык, Туз айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Туз айыл аймагынын №231 контурунда жайгашкан аянты 0,22 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” түрүндөгү жалпы аянты 0,22 га болгон жер участогун, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Балдар аянтчасы, кичи футбол аянтчасы жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, балдар аянтчасы жана кичи футбол аянтчасын куруу максатында которууга макулдук берилсин.

2. Бул буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын Туз айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Туз айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Туз айылдык кеңешинин төрагасы

Б.К. Салтыкеев
