Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2024-2028-жылдарга айрым тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу боюнча жол картасын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 13-сентябры № 549-т
Тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу потенциалын жогорулатуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2028-жылдарга айрым тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу боюнча жол картасы (мындан ары - Жол картасы) 1-тиркемеге ылайык;
2) Жол картасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Жол картасын ишке ашырууга тартылган министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
1) Жол картасын белгиленген мөөнөттө милдеттүү аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Begin_nocompare
1-тиркеме
2024-2028-жылдарга айрым тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
Милдеттер
Иш-чаралар
Индикатор/күтүлүүчү натыйжа
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
Республиканын агроазык-түлүк рыногунда импортту алмаштыруу саясатын ченемдик жөнгө салуу
1. Тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү
1.1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу
Тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу боюнча маселелерди жөнгө салуунун укуктук базасы түзүлдү
2025-жылдын 31-мартына чейин
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
1.2. "Азык-түлүк коопсуздугун мониторингдөө маселелери жана айыл чарба продукциясы рыногунда интервенцияларды колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыгуу
Негизги социалдык маанилүү тамак-аш азыктары боюнча азык-түлүк коопсуздугун мониторингдөө жана индикаторлорунун жана республиканын агроазык-түлүк рыногунда ата-мекендик өндүрүштөгү тамак-аш азыктары менен импортту алмаштыруу ченемдери жөнгө салынды, ошондой эле өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн айыл чарба продукциялары рыногунда сатып алуу жана соода интервенцияларын колдонуу тартиби өзгөртүлдү
2025-жылдын 1-июнуна чейин
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
1.3. "Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарынын импортун алмаштырууну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу
Тышкы рыноктордон тамак-аш азыктарынын импортун кыскартуу жана ата-мекендик өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын көбөйтүү боюнча шарттар түзүлдү
2025-жылдын 1-июлуна чейин
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
Ата-мекендик айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү
2. Базалык тамак-аш азыктарынын ата-мекендик өндүрүшүн уюштуруу
2.1. Жаны айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн жана пайдаланылбаган айдоо жерлерин айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнүн эсебинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарын оптимизациялоо
Ирригациялык объекттерди капиталдык куруу, ондоо жана механикалык тазалоо, анын ичинен механикалаштырылган тамчылатып жана жамгыр менен сугаруу аркылуу 6,0 миң га жаңы айдоо жери өздөштүрүлдү. 15,0 миң га пайдаланылбаган айдоо жери айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизилди
2024-2028- жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.2. Асыл-тукум ири мүйүздүү малдын, кой-эчкинин, жылкылардын жана үй канаттууларынын башын түзүү жана көбөйтүү
Үй жаныбарларынын түзүмү 50,0%га асып-тукум жаныбарлары менен жаңыртылды, анын ичинен:
- ири мүйүздүү малдын башы 60,0%га (45,0 миң баш), жылкылар
- 20,0%га (60,0 миң баш), кой-эчки
- 20,0%га (400,0 миң баш), үй канаттуулары - 70,0%га (250,0 миң баш)
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, КРП ОЫӨ, ЖМА, ЖӨБО органдары (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын эсебинен, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.3. Айыл чарбасынын дүң продукциясын, анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн, мал чарбачылыгынын продукцияларын, кызмат көрсөтүүлөрдүн токой чарбасынын жана аң уулоонун, балык чарбасынын дүң продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү
2024-жылдан 2028-жылдарга чейинки мезгилде айыл чарбасынын дүң продукциясы 112855,3 млн.. сомго көбөйдү, анын ичинен:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүк 60928,2 млн. сомго;
- мал чарбачылыгы 50632,4 млн. сомго;
- кызмат көрсөтүүлөр 805,2 млн. сомго;
- токой чарбасы жана аң уулоо - 60,0 млн. сомго;
- балык чарбасы 489,5 млн. сомго.
Айыл чарба продукциясын дүң өндүрүүнүн үлүшү өлкөнүн ИДПсынын 15,0% түздү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.4. Айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүү темпин камсыздоо
Айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүү темпин 2,2%га көбөйтүү жетишилди, анын ичинен:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүк 5,2%га;
- мал чарбасы 0,6%га;
- кызмат көрсөтүүлөр 1,4%га;
- токой чарбасы жана аң уулоо жок;
- балык чарбасы 2,5%га
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.5. Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясын дүң өндүрүүнү жана физикалык көлөмүнүн индексин жогорулатуу
Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын дүң продукциясы 2024-жылдан 2028-жылга чейин 48292,6 млн. сомго көбөйгөн. Физикалык көлөмүнүн индекси 1,1%га. Кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясын дүң өндүрүү үлүшү өлкөнүн өнөр жайынын жалпы дүң продукциясынын үлүшү 22,0%ын түздү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.6. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана үй жаныбарларынын жана канаттууларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу
Түшүмдүүлүк камсыз болду:
- буудай 25,0 ц/га, картошка 205,0 ц/га, жашылчалар 220,0 ц/га жана бакча өсүмдүктөрү 240,0 ц/га, мөмө-жемиштер 65,0 ц/га, кант кызылчасы 498,0 ц/га, май өсүмдүктөрү 15,0 ц/га. Малдардын өндүрүмдүүлүгү жетишилди:
- 1 уйдан саалган сүт 2500,0 кг;
- 1 шарттуу малдан алынган эттин суткасына өсүүсү 0,9 кг;
- 1 тооктон бир жылда алынган жумуртка 165 даана
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.7. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку репродукциядагы кондициялык үрөндөрү менен камсыздоо
Айыл чарба продукциясын өндүрүү менен алектенген чарбалык субъекттер өздүк жана чет өлкөлүк селекциянын сапаттуу үрөндөрү менен камсыз болду
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.8. Айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү менен камсыздоо
Интенсивдүү багбанчылык менен алектенген чарбалык субъекттер чет өлкөлүк селекциянын көчөттөрү менен камсыз болду
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.9. Айыл чарба малдарынын лизингин уюштуруу
Асыл-тукум иши менен алектенген чарбалык субъекттер чет өлкөлүк селекциянын асыл-тукум малдары менен камсыз болду
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.10. Селекциялык асыл-тукум иштерди, асыл-тукум материалдарын (эркек өндүрүүчүлөрдүн уруктарын, эмбриондорун) жеткирүүнү жана малдарды жасалма жол менен уруктандыруу пункттарынын ишин уюштуруу
Мал чарбасында селекциялык асыл-тукум иштерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча чаралар жүргүзүлдү, малдарды жасалма жол менен уруктандыруу пункттары өздүк жана чет өлкөлүк өндүрүштөгү асыл-тукум материалдары менен камсыз болду
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.11. Минералдык жана органикалык жер семирткичтерди, айыл чарба техникаларын жеткирүү
Айылдык товар өндүрүүчүлөр органикалык-минералдык жер семирткичтер менен 70,0%га, айыл чарба техникалары менен 80,0%га камсыз болду
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.12. Ирригациялык объекттерди модернизациялоо (куруу, оңдоо, тазалоо), сугат айдоо жерлеринин суу менен камсыздалышын жогорулатуу
15 ирригация объектинин курулушу аяктады, 3555,0 км аралыктагы каналдарды оңдоо иштери жүргүзүлдү, 4205 га аянтта суу менен камсыздоо жогорулады
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.13. Малдардын өтө жугуштуу ылаңдарын болтурбоо боюнча ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү
Республиканын аймагында жагымдуу эпизоотиялык абал түзүлдү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
2.14. Өлкөдө импортту алмаштыруучу продукцияны өндүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө
Региондор боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн адистешүүсүн аныктоо менен импортту алмаштыруучу продукцияны тездетилген өндүрүү варианттары изилденди
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде
2.15. Импортту алмаштырууга тийиш болгон азык-түлүк товарларынын негизги түрлөрүн конкреттештирүү. Негизги тамак-аш азыктары боюнча импортту алмаштыруунун стратегияларын жана методдорун тандоо
Азык-түлүк буудайы, мөмө-жемиштер, өсүмдүк майы, канаттуулардын эти, азык-түлүк жумурткасы импортту алмаштыруучу азык-түлүк товарларынын негизги түрлөрү болуп аныкталды. 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасы иштелип чыкты
2024-жылдын 30-декабрына чейин
САЧКӨМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын диверсификациялоо
3. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү
3.1. Импортту алмаштыруучу айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ири жана орто ишканаларды андан ары түзүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү
Жол картасын ишке ашыруу мезгилинде 25 ири жана орто ишкана эксплуатациялоого берилди, 260 жаңы жумуш оруну түзүлдү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
3.2. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын токтоп турган ишканаларын реабилитациялоо, модернизациялоо жана реконструкциялоо
12 тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканасы реабилитацияланды, модернизацияланды жана реконструкцияланды
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
3.3. Кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына айыл чарба продукциясын жана чийки затты зарыл болгон көлөмдө жеткирүү, кайра иштетилүүчү продукциянын көлөмдөрүн көбөйтүү
Кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан айыл чарба продукциясын жана чийки затты жылдык керектөөнү камсыз кылуучу көлөмдө кабыл алуу уюштурулду жана республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү 30,0%га жетти
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын каражаттары
3.4. Соода-логистикалык борборлорду, мал союу пункттарын, карантиндик зоналарды, сертификациялык лабораторияларды өнүктүрүү
Ата-мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ички жана тышкы рыноктордо жогорулады
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
Тышкы соода жүгүртүүнү жана экспорттук-импорттук операцияларды жөнгө салуу
4. Айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү жана импортун кыскартуу боюнча чараларды уюштуруу
4.1. Тышкы соода жүгүртүүнүн терс балансын акырындык менен кыскартуу
Тышкы соода жүгүртүүдө экспорттун жана импорттун балансынын паритети камсыздалды
2028-жылдын 30-декабрына чейин
САЧКӨМ, ЭКМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
4.2. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рынокторуна экспортко багытталган айыл чарба продукциясын активдүү жылдыруу
Айыл чарба продукциясын экспорттук жеткирүү 30,0 млрд. сомго көбөйдү. Айыл чарба продукциясынын экспортунун өлкөнүн экспорт түзүмүндөгү үлүшү 16,0%га көбөйдү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, "Кыргыз экспорт" ММ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
4.3. Республиканын ички рынокторуна импорттук тамак-аш азыктарынын киришин кыскартуу
Импорттук кирүүлөр 60,0 млрд. сомго (1,5 эсе) кыскарды. Айыл чарба продукциясынын импортунун өлкөнүн импорт түзүмүндөгү үлүшү 5,0%га кыскарды
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЭКМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
4.4. Ички агроазык-түлүк рыногундагы чет өлкөлүк тамак-аш азыктарын акырындык менен сүрүп чыгаруу
Ички рыноктордогу чет өлкөлүк өндүрүштүн тамак-аш азыктарын 35,0%га кыскарды
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЭКМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
4.5. Айрым тамак-аш азыктарынын импорт түзүмдөрүн диверсификациялоо (азык-түлүк буудайы, мөмө-жемиштер, өсүмдүк майы, канаттуулар эти, азык-түлүк жумурткасы)
Айрым тамак-аш азыктарынын өндүрүшү жогорулады, айрым тамак-аш азыктарынын импорт түзүмү азайды
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЭКМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
Агроөнөр жай комплексинин импорт алмаштыруучу өндүрүштөрүн мамлекеттик колдоо
5. Импорт алмаштыруучу өндүрүштү шыктандыруу
5.1. Айрым импорт алмаштыруучу тамак-аш азыктарын өндүрүү менен алектенген чарбалык субъекттерге дем берүү (азык-түлүк буудайы, мөмө-жемиштер. өсүмдүк майы, канаттуулар эти, азык-түлүк жумурткасы)
Импорт алмаштыруучу өндүрүшү менен алектенген чарбалык субъекттерге "Айыл чарбасын каржылоо-12" ("АЧК-12") долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттер берилди
2024-жыл ичинде
САЧКӨМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
"АЧК-12" долбоорун ишке ашыруунун алкагында
5.2. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын жана кластердик бирикмелердин катышуучуларын кредиттөө
Импорт алмаштыруучу өндүрүшү менен алектенген кластердик бирикмелердин катышуучуларына (кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, соода-логистикалык борборлор (агрегаторлор), айылдык товар өндүрүүчүлөр) "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун линиясы боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар берилди
2024-2025-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруунун алкагында
5.3. "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" ("БТӨК") долбоорун ишке ашыруу
Импорт алмаштыруучу өндүрүшү менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" ("БТӨК") долбоорунун линиясы боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар берилди
2025-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
"Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" ("БТӨК") долбоорун ишке ашыруунун алкагында
5.4. Импорт алмаштыруучу рыногунда өзгөчө кырдаал жаралган учурда салык, бажы, тарифтик-баа саясатын жөнгө салуу
Импорт алмаштыруучу рыногунда өзгөчө кырдаал жокко чыгарылды, турукташтыруу камсыздалды
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЭКМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
5.5. Импорт алмаштыруучу өндүрүшү менен алектенген жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана дем берүү, анын ичинде каржылоо
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоолор көрсөтүлдү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде
Импорт алмаштыруучу технологияларды өнүктүрүү
6. Импорт алмаштыруучу өндүрүштү өнүктүрүү үчүн прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды киргизүү
6.1. Суу үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды өнүктүрүү (тамчылатып сугаруу системаларын жана күнөскана чарбаларын кеңири пайдалануу)
250 га аянтка 1200 тамчылатып сугаруу системасы орнотулду, 75,0 га аянтта 150 күнөскана чарбалары курулду
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Жеке компаниялардын каражаттары
6.2. Импорт алмаштыруучу продукциянын кластердик өндүрүшүн өнүктүрүү
Кластердик бирикмелерде продукциянын өндүрүшү көбөйдү
2024-2025-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЭКМ, кластердик бирикмелер
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруунун алкагында
6.3. Машина-трактордук станцияларды (МТС) өнүктүрүү
11 мамлекеттик, 20 жеке жана 15 муниципалдык машина-трактордук станция түзүлдү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), жеке ишкерлер
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде, "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунда каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
6.4. Инвитро лабораторияларын уюштуруу
Өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө 2 Инвитро лабораториясы түзүлдү
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, жеке ишкерлер
Жеке компаниялардын каражаттары
6.5. Асыл-тукум мал чарбасында геномдук селекциянын артыкчылыктарын киргизүү жана пайдалануу
Малдын өндүрүштүк сапатын жана мал тукумун ДНК боюнча аныктоонун геномдук селекциясы жүзөгө ашырылды
2024-2028-жылдардын ичинде
САЧКӨМ, КУАУ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, жеке компаниялардын каражаттарынын, тартылган инвестициялардын эсебинен
6.6. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүү боюнча технологиялык жана инновациялык чечимдерди баалоо
Өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү боюнча технологиялык жана инновациялык технологияларды киргизүү
2024-2028- жылдардын ичинде
САЧКӨМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
2-тиркеме
2024-2028-жылдарга айрым тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу боюнча жол картасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
Милдеттер
Индикатордун аталышы
Өлчөө бирдиги
Базалык
Орто аралык индикаторлор (жылдык)
Акыркы индикаторлор
Жооптуу аткаруучулар
2023-жыл
2024
2025
2026
2027
2028
Ата-мекендик айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү
Базалык тамак-аш азыктарынын ата-мекендик өндүрүшүн уюштуруу
Жаңы айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн жана пайдаланылбаган айдоо
миң га
1,2
1,2
1,2
1,2
1,2
1,2
6,0
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
жерлерин айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнүн эсебинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарын оптимизациялоо
миң га
3,0
3,0
3,0
3,0
3,0
3,0
15,0
Асыл-тукум ири мүйүздүү малдын, кой-эчкинин, жылкылардын жана үй канаттууларынын башын түзүү
ИММ, %
8
10
11
12
13
14
60,0
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
КММ, %
-
-
-
-
-
-
-
Жылкы, %
1
3
1
4
4
5
20,0
Канаттуулар, %
7
9
2
14
16
19
70,0
Айыл чарбасынын дүң продукциясын, анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн, мал чарбачылыгынын продукцияларын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, токой чарбасынын жана аң уулоонун, балык чарбасынын дүң продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү;
млрд. сом
16,5
17,0
20,7
22,4
24,9
27,8
112,8
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Айыл чарба продукциясын дүң өндүрүүнүн өлкөнүн ички дүң продукциясындагы үлүшү
%
9,7
10,5
12,2
13,3
14,2
15,0
15,0
Айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүү темпин камсыздоо
%
0,6
1,9
0,2
0,1
0,1
0,2
2,5
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын дүң өндүрүүнү жана физикалык көлөмүнүн индексин жогорулатуу
млрд. сом
9,3
13,2
10,3
9,8
6,9
8,0
48,2
САЧКӨМ
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу:
цн/га
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
- буудай
19,1
20,8
22,5
23,5
24,1
25,0
25,0
картошка
175,9
180
185
193
200
205
205,0
- жашылчалар
206,9
209
213
215
217
220
220,0
- бакча өсүмдүктөрү
228,1
230
232
235
237
240
240,0
- мөмө-жемиштер
54,4
56,5
58,2
60,7
62,5
65,0
65,0
- кант кызылчасы
472,9
480
485
490
495
498
498,0
- май өсүмдүктөрү
10,3
11,0
12,5
13,0
14,5
15,0
15,0
Үй жаныбарларынын жана канаттууларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу:
- 1 уйдан саалган сүт
кг
2022
2100
2200
2300
2400
2500
2500
- ИММ сутка ичинде кошкон салмагы
кг
0,550
0,60
0,69
0,78
0,82
0,90
0,900
- 1 тооктон алынган жумуртка
даана
136
145
153
158
162
165
165
Жеткирүүнүн көлөмү:
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
- минералдык жана органикалык жер семирткичтерди
%
45,0
52,0
58,0
62,5
66,5
70,0
70,0
- айыл чарба техникаларды
%
65,0
68,5
72,0
75,6
77,5
80,0
80,0
Ирригация объекттерин модернизациялоо:
САЧКӨМ
- куруу
бирдик
3
3
3
3
3
3
15
- оңдоо, тазалоо
км
675
685
695
700
725
750
3555
- сугат айдоо аянтын суу менен камсыздоону жогорулатуу
га
462
700
780
850
925
950
4205
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү
Импортту алмаштыруучу айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ири жана орто ишканаларды андан ары түзүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү
бирдик
4
5
5
5
5
5
25
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
адам
45
50
50
50
53
57
260
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын токтоп турган ишканаларын реабилитациялоо, модернизациялоо жана реконструкциялоо
бирдик
-
1
2
2
3
4
12
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына айыл чарба продукциясын жана чийки затты зарыл болгон көлөмдө жеткирүү, кайра иштетүүчү продукциянын көлөмдөрүн көбөйтүү
%
5,0
10,0
15,0
20,0
25,0
30,0
30,0
САЧКӨМ
Айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү жана импортун кыскартуу боюнча чараларды уюштуруу
Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рынокторуна экспортко багытталган айыл чарба продукциясын активдүү жылдыруу.
млрд. сом
5,1
9,0
12,0
14,0
16,0
19,0
70,0
САЧКӨМ, ЭКМ
Айыл чарба продукциясынын экспортунун өлкөнүн экспортундагы үлүшү
%
13,0
16,0
18,5
21,0
23,5
25,0
25,0
Республиканын ички рынокторуна импорттук тамак-аш азыктарынын киришин кыскартуу.
млрд. сом
0,4
8,0
10,0
12,0
14,0
16,0
60,0
САЧКӨМ, ЭКМ
Айыл чарба продукциясынын импортунун өлкөнүн импортундагы үлүшү
%
9,1
8,5
8,0
7,0
6,5
5,0
5,0
Ички агроазык-түлүк рыногунда чет өлкөлүк тамак-аш азыктарын акырындык менен сүрүп чыгаруу
%
5,5
6,0
7,0
7,5
9,0
9,0
САЧКӨМ, ЭКМ
Импорт алмаштыруучу өндүрүштү өнүктүрүү үчүн прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды киргизүү
Суу үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды өнүктүрүү:
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
- тамчылатып сугаруу системасын орнотуу
бирдик
200
220
230
240
250
260
1200
- жер аянты
га
25,0
30,0
50,0
55,0
60,0
55,0
250
- күнөскана чарбаларын түзүү
бирдик
18
20
25
30
35
40
150
- жер аянты
га
10,0
10,
12,0
15,0
17,0
21,0
75
Машина-трактордук станцияларды өнүктүрүү, бардыгы
САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), жеке компаниялар
бирдик
17
8
9
9
10
10
46
- мамлекеттик
бирдик
-
2
2
2
2
3
11
- жеке, муниципалдык
бирдик
17
6
7
7
8
7
35
Инвитро лабораторияларын уюштуруу
бирдик
1
-
-
1
1
-
2
САЧКӨМ, жеке компаниялар
Кыскартуулардын тизмеси:
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
КРПЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КУАУ
-
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166