Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Туз айылдык кеңешинин «Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндө» токтому
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 11-марты №44/28-XV Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу ” жобонун 23-пунктунун негизинде жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областык Ысык-Ата районуна караштуу Туз айыл өкмөтүнүн Жайылма айылынан өткөн Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгин сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери чектетилип Туз айыл өкмөтүнүн башкы планына киргизилип бекитилсин.
2. Чыгыш Чоң Чүй каналына удаа жайгашкан калктуу конуштардын аймактарына жээктеги сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери гана калтырылсын.
3. Сууну коргоочу зооналар жана суу объект тилкелердин өлчөмү каналдын борборунан 25 метр, ошол эле учурда сууну коргоочу зоналарынан кийин 5 метр алыстыкта калтырылсын.
4. Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелердин өлчөмү, планынын конкреттүү шарттарына тешелүү жергиликтүү Кеңештин токтому боюнча жүргүзүлүп жаткан (Ислам мечит) курулушу айылдын башкы планы боюнча аткарылсын
5. “Ислам” мечитинин курулушуна “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата райондук филиалынын жана Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалып берилген тийиштүү документтерин бүтүрүүгө Туз айыл өкмөт тарабынан акчалай каржылансын.
6. Бул токтомдун аткарылышы жер суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы
Салтыкеев Б.К
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.