# Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 39 "Айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражатты жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 39 "Айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражатты жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32383/edition/16657/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 39 "Айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражатты жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү жөнүндө" токтому (19.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014038

---

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы

2024-жылдын 19-июлу № 39

Айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражатты жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү жөнүндө Каракол айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке келип түшкөн акча каражатын жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү максатында кезектеги сессия; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 10-июлундагы №76 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке келип түшкөн каражаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга “Каракол таза аймак” МИ өздүк эсебине которулуп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жана акча каражатынын сарпталышы боюнча отчетторду түзүү жагы “Каракол таза аймак” МИ жетекчиси Сыдыгалиев Бактыбектин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

Ф. К. Токушев
