# Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 06-августундагы №2 “Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында жайгашкан кирпич заводуна кошумча меш куруу үчүн суралган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 06-августундагы №2 “Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында жайгашкан кирпич заводуна кошумча меш куруу үчүн суралган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32359/edition/16610/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 06-августундагы №2 “Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында жайгашкан кирпич заводуна кошумча меш куруу үчүн суралган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” токтому (06.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013993

---

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

2024-жылынын 06-августу №2

“Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында жайгашкан кирпич заводуна кошумча меш куруу үчүн суралган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”

Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү – Достук айыл аймагынын Ууру-Жар айылындагы кирпич заводуна кошумча меш куруу үчүн суралган 0,50 га жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 9–пунктунун, 20-статьясынын 20-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 Мыйзамынын 6-7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу жана экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

2.Ууру-Жар айылындагы № 616 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден 0,50 га жер аянты кирпич заводуна кошумча меш куруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3. Кирпич заводуна кошумча меш куруу үчүн суралган 0,50 га жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.

5.Көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов
