# Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы "Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү жөнүндө" №38/4 токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы "Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү жөнүндө" №38/4 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38/4
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32350/edition/16601/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы "Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү жөнүндө" №38/4 токтому (05.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013982

---

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы

2024-жылдын 5-сентябры №38/4 Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесин аткаруу максатында, бала бакчаларда кошумча тайпа ачуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачууга, тайпаларды өзгөртүүгөКара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан макулдук берилсин.

2. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү боюнча иш чараларды аткаруу жагы, аталган бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилсин.

Төрага:

К. Сапарбек уулу
