# Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 74/XIX-28 "Чарбакер субъекттер үчүн таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 74/XIX-28 "Чарбакер субъекттер үчүн таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74/XIX-28
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013956>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32327/edition/16578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013956.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 74/XIX-28 "Чарбакер субъекттер үчүн таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө" токтому (24.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013956

---

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 24-январы №74/XIX-28 Чарбакер субъекттер үчүн таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баанын жогорулашына байланыштуу, ошондой эле атайын техниканын лизинг төлөмдөрүн төлөө үчүн чарбакер субъекттер үчүн таштандыларды ташып чыгаруу тарифин жогорулатуу зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын Кодексинин “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” 74,75-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 27-беренеси пп.1.1. п. 1 ылайык маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чарбакер субъекттер үчүн курулуштун жалпы аянтына жараша төмөнкүдөй тарифтер белгиленсин:

- 250 кв. м чейин – 500 сом айына ;

- 500 кв.м. чейин – 1000 сом айына;

- – 500 кв. м жогору – 2 сом 1 кв. м үчүн айына.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Эмгек-Люкс” МИ директору К.Б.Борокчиевге жүктөлсүн.

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы

К. Р.Шайлдабеков
