Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин “Курама айылынан бала бакча жана ФАП куруу үчүн суралган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” токтому
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 24-июлу №6
“Курама айылынан бала бакча жана ФАП куруу үчүн суралган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун бала бакча жана ФАП куруу үчүн суралган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусун, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 9–пунктунун, 20-статьясынын 20-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 Мыйзамынын 6-7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун кайрылуусу жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Курама айылынын № 2228 контурунда жайгашкан 0,80 (сексен) сотых жер тилкесин бала бакча ФАП куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3.Балдар бакчасын жана ФАП куруу үчүн суралган 0,80 (сексен) сотых жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.
4.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
5.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Чолпонкуловага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кубатов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон