Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө ЖОБО
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 359 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүүнү уюштуруунун тартибин жөнгө салат.
2. Илимий, илимий-техникалык кызматкерлерге жана илимий-педагогикалык кадрларга (мындан ары - илимий кызматкерлер) кошумча кесиптик билим берүүнүн негизги максаты илимий кызматкерлердин кесиптик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.
Ушул Жобонун милдети болуп илимий кызматкерлерге кошумча кесиптик билим берүүнүн тартибин аныктоо саналат.
3. Илимий кызматкерлерге кошумча кесиптик билим берүү төмөнкүлөргө багытталган:
- илимий кызматкерлердин кесиптик билиминин деңгээлин жогорулатуу;
- илимий кызматкерлердин социалдык-инсандык компетенцияларын өркүндөтүү;
- илимге киргизүү үчүн техниканын жана технологиянын алдынкы билимдерин жана көндүмдөрүн өздөштүрүү.
4. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына (мындан ары - билим берүү уюмдары) кошумча кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгат жана бекитет.
5. Илимий кызматкерлерге кошумча кесиптик билим берүү квалификацияны жогорулатуу курстары жана стажировка аркылуу ишке ашырылат жана лицензиялоого жатпайт.
6. Илимий кызматкерлерге кошумча кесиптик билим берүү тиешелүү жайлар, профили боюнча лабораториялар, материалдык-техникалык база, профессордук-окутуучулук курам, китепкана-маалыматтык ресурс бар болгондо ишке ашырылат.
7. Илимий кызматкерлер Кыргыз Республикасынын чегинде 3 жылда бир жолудан кем эмес негизги иш орду болуп саналган мамлекеттик уюмдун атайын каражаттарынын эсебинен кошумча кесиптик билим алууга укуктуу.
8. Илимий кызматкер Кыргыз Республикасында же чет өлкөдө өзүнүн, донордук каражаттардын эсебинен, ошондой эле уюмдун, анын ичинде өзү иштеген билим берүү уюмунун атайын каражаттарынын эсебинен кошумча кесиптик билим ала алат.
9. Илимий кызматкерлердин стажировкасы, квалификациясын жогорулатуу курстары мөөнөттөрүн көрсөтүү менен тараптардын келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
10. Билим берүү уюму жана жөнөтүүчү тарап илимий кызматкерлерге кошумча кесиптик билим берүүгө дем берүүнүн жана башкаруунун формаларын аныктайт.
11. Жөнөтүүчү тарап кошумча кесиптик билим берүүнүн натыйжаларына аны каржылаган шартта контролдоо жүргүзүүгө укуктуу.
12. Өз убагында жана сапаттуу кошумча кесиптик билим берүүгө жоопкерчиликти уюмдун жетекчиси (негизги иштеген жери) тартат.
2. Илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары
13. Илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары - бул кесиптик маселелерди чечүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүү максатында илимий кызматкерлердин билимин, көндүмдөрүн, компетенцияларын системалуу жана максаттуу өркүндөтүү жана жаңылоо.
14. Илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары кыска мөөнөттүү тематикалык окутуу, тереңдетилген окутуу, илимий форумдар, семинарлар, тренингдер, мастер-класстар жана башкалар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
15. Илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- өндүрүштөн ажыратуу менен, өндүрүштөн ажыратпастан, өндүрүштөн жарым-жартылай ажыратуу менен;
- күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формалары боюнча;
- аралыктан технологияларды колдонуу менен;
- бир жолку (үзгүлтүксүз), этап менен.
16. Илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- билимди, көндүмдөрдү, компетенцияларды жаңылоо максатында 72 сааттан кем эмес;
- тармактын, региондун, уюмдун ж.б. деңгээлинде келип чыгуучу илимий, социалдык-экономикалык, педагогикалык жана башка көйгөйлөр боюнча тематикалык семинарлардын сериясы аркылуу актуалдуу көйгөйлөрдү терең изилдөө же кесиптик көндүмдөргө ээ болуу максатында 72 сааттан 100 саатка чейин;
- илим, техника, технология жаатындагы актуалдуу проблемаларды жана башка проблемаларды терең изилдөө же иштин профилине ылайык келген кесиптик көндүмдөргө ээ болуу максатында 100 сааттан ашык.
3. Илимий кызматкерлердин стажировкасы
17. Илимий кызматкерлердин стажировкасы теориялык даярдыктын натыйжасында алынган кесиптик билимдерди, жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү, социалдык-инсандык компетенцияларды практикада калыптандыруу жана бекемдөө, ошондой эле алдынкы тажрыйбаны үйрөнүү, илимий-изилдөө иши үчүн кесиптик жана уюштуруучулук көндүмдөргө ээ болуу максатында жүзөгө ашырылат.
18. Илимий кызматкерлердин стажировкасы кесиптик иш, практикалык изилдөө иштери, экспедициялар, эксперименттер, сыноолор жана башкалар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
19. Илимий кызматкерлердин стажировкадан өтүү мөөнөтү 2 жумадан кем болбоого тийиш.
20. Илимий кызматкерлердин стажировкасы окуу сапары катары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
21. PhD/профиль боюнча докторантуранын жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнүн алкагында илимий кызматкерлердин стажировкасы кошумча кесиптик билим берүү болуп саналбайт.
4. Корутунду жоболор
22. Илимий кызматкерлерге кошумча кесиптик билим берүү социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынбайт.
23. Илимий кызматкерлер Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарына ылайык квалификациясын жогорулатуу курстарынын жана стажировканын убагында жумуш ордун жана эмгек акысын сактап калууга укуктуу.
24. Илимий кызматкерлерге кошумча кесиптик билим берүү илимий, илимий-техникалык уюмдарды жана илимий кызматкерлерди аттестациялоодо талап болуп саналат.
25. Кошумча кесиптик билим берүү программаларынан өтүүнүн жыйынтыгы боюнча илимий кызматкерлерге өткөн академиялык кредиттердин/сааттардын мөөнөттөрүн жана көлөмүн көрсөтүү менен документ берилет:
- квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөндүгү жөнүндө - өтүлгөн темалардын тизмеси (арткы бетинде) менен сертификат;
- стажировкадан өтүү жөнүндө сертификат - уюмдун жетекчисинин күбөлүгү жана/же мүнөздөмөсү.
26. Илимий кызматкерлердин кошумча кесиптик билими жөнүндө документтин формасы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча бекитилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.