# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунун № 359 "Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунун № 359 "Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 359
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013726>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32125/edition/16355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунун № 359 "Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013726

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-июлу № 359

Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлеринин жана илимий-педагогикалык кадрларынын кошумча кесиптик билим алуусун укуктук жөнгө салуу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, карамагында илимий жана илимий-техникалык уюмдар бар болгон мамлекеттик органдар, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
