# Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 10 " Айыл чарба жерлерин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 10 " Айыл чарба жерлерин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31989/edition/16206/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 10 " Айыл чарба жерлерин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жөнүндө" Токтому (24.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013576

---

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №2-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 16- апрели № 10

Айыл чарба жерлерин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Пезидентинин 2021-жылдын 8-фералындагы №25 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын өркүндөтүү жана ыкчам максатында жана 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьектилерине берүү тартибин бектиүү жөнүндө” буйругун Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы №309“Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №120 буйругунун 9-пунктунда көрсөтүлгөн формуланын негизинде мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмү бекитилсин:

Оргочор, Боз-Бешик айылдары боюнча:

- Сугат жерлерге: 318,16х30=9544,80 сом; Мында 318,16-сом жер салыгынын салыктык ставкасы; 30 сугат жерге коэфицент;

- Кыйын сугат жерлерге: 318,16х20=6363,20 cом;

-Сугат жок кайрак жерлерге: 318,16х10=3181,60cом менен бекитилсин.

Ак-Дөбө, Тилекмат, Аң-ϴстөн, Мундуз айылдары боюнча:

- Сугат жерлерге: 150х30=4500сом; Мында 150-сом жер салыгынын салыктык ставкасы; 30 сугат жерге коэфицент;

- Кыйын сугат жерлерге: 150х20=3000 cом;

-Сугат жок кайрак жерлерге: 150х10=1500 cом менен бекитилсин.

Светлая Поляна, Чоң-Кызыл-Суу айылдары боюнча:

- Сугат жерлерге: 159х30=4770сом; Мында 159-сом жер салыгынын салыктык ставкасы; 30 сугат жерге коэфицент;

- Кыйын сугат жерлерге: 159х20=3180 cом;

-Сугат жок кайрак жерлерге: 37,45х10=374,50 cом менен бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовго тапшырылсын.

Төрага А.Тыныбеков
