# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31981/edition/16197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (25.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013564

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 25-майы № 271

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибинде:

- 7-пункттун 5-пунктчасы "турак жай куруу" деген сөздөрдөн кийин "жана чек ара жана аскердик инфраструктураны чыңдоо максатында жер участокторун, турак үйлөрдү (турак жай фондун) сатып алууга, ижарага алынган турак жайга, курулуш объекттерине компенсацияларды төлөө (сатып салуу)" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом 2023-жылдын 10-майынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
