Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 „Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-майы № 271
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибинде:
- 7-пункттун 5-пунктчасы "турак жай куруу" деген сөздөрдөн кийин "жана чек ара жана аскердик инфраструктураны чыңдоо максатында жер участокторун, турак үйлөрдү (турак жай фондун) сатып алууга, ижарага алынган турак жайга, курулуш объекттерине компенсацияларды төлөө (сатып салуу)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом 2023-жылдын 10-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021–2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте…Постановление · 24.03.2023 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи…Указ · 17.09.2022 · № 313