Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо (КР Президентинин ПТ № 210 тескемесине)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПТ № 210 тескемесине)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо укук колдонуунун жүрүшүндө сот органдары жана көзөмөлдүк функцияларды жүзөгө ашырууда прокуратура органдары тарабынан аныкталган мыйзамдардагы проблемаларды (коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана ченемдик укуктук актылардагы коррупциялык ченемдерди) жоюу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары - мамлекеттик органдар) менен өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт.
2-глава. Өз ара аракеттенүүнү уюштуруунун милдеттери
2. Ушул Жобонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сот адилеттигин жана прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашырууда аныкталган мыйзамдардагы коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана коррупциялык ченемдерди аныктоо жана жоюу, ошондой эле аларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү системасын түзүү;
2) мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси боюнча мамлекеттик органдардын ортосунда конструктивдүү диалог үчүн шарттарды түзүү;
3) мыйзамдардагы проблемаларды талкуулоо жана талдоо үчүн аларды өркүндөтүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу максатында, ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү жана мамлекеттик органдардын ортосунда жолугушууларды жана кеңешмелерди уюштуруу;
4) мыйзамдардагы коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана коррупциялык ченемдерди жоюу боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү үчүн укуктук практика жаатында тажрыйба жана сунуштар менен алмашуу;
5) мыйзамдардагы коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана коррупциялык ченемдерди четтетүү, ошондой эле укук колдонуу практикасын өркүндөтүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу.
3-глава. Өз ара аракеттенүү тартиби
3. Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
1) сот практикасы жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу боюнча талдоонун жыйынтыктарынын негизинде маалымат берүү;
2) алынган маалыматтарды топтоо жана талдоо.
4. Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген көзөмөлдөө функцияларын ишке ашырууда мыйзамдарда коллизиялар, боштуктар, карама-каршылыктар жана коррупциялык ченемдер аныкталган учурда жалпылайт жана аларды четтетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
Жыл сайын 1-февралга чейин тиркелген таблицага ылайык ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана коррупциялык ченемдерди жоюу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизет. Мыйзамдарда боштуктар, карама-каршылыктар жана коррупциялык ченемдер аныкталбаган учурда да Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бир жылдын ичинде бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдайт;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мыйзамдардагы коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана коррупциялык ченемдерди аныктаган учурда аларды четтетүү боюнча тиркелген таблицага ылайык сунуштарды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберет;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдардын сунуштарын талдайт, жалпылайт жана аларды Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын кароосуна киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аналитикалык кат даярдайт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жарым жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин натыйжалары жөнүндө маалымдайт.
4-глава. Өз ара аракеттенүү факторлору
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана коррупциялык ченемдерди аныктоодо жана талдоодо төмөнкү факторлор эске алынат:
1) ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндө иштер боюнча сот актыларын эсепке алуу;
2) адамдын жана жарандын кепилденген укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактабоо;
3) мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан актылардын чыгарылышы;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбеши;
5) ченемдик укуктук актыда коррупциогендик факторлордун болушу;
6) укуктук жөнгө салуунун толук эместиги;
7) укуктун ченемдеринин коллизиясы;
8) юридикалык-техникалык мүнөздөгү каталардын болушу;
9) ченемдик укуктук актылардын жоболорун юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоого негиз катары пайдалануу;
10) ченемдик укуктук актыны колдонууда анын жоболорунун маанисин бурмалоо;
11) ченемдик укуктук актыны колдонуудагы укукка жат же негизсиз чечимдер, аракеттер (аракетсиздиктер);
12) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берген ченемдерди пайдалануу;
13) ченемдик укуктук актыларды колдонуунун бир түрдүү практикасынын болушу (жоктугу);
14) ченемдик укуктук актыны түшүндүрүү маселелери боюнча арыздардын саны жана мазмуну;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча практика маселелери жаатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдору;
16) прокурордук чара көрүү актыларынын, ченемдик укуктук актыны колдонуу чөйрөсүндө катталган укук бузуулардын саны жана мүнөзү, ошондой эле күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу учурларынын саны.
5-глава. Маалымат булактары
6. Сунуштарды даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту төмөнкү маалымат булактарын пайдалана алышат:
1) прокурордук чара көрүү актылары, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды коррупцияга каршы экспертизалоонун жыйынтыктары, мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө прокуратура органдарынын отчеттору жана алардын талдоолору;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдору жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун позициялары;
3) жарандардын, коомдук уюмдардын, бизнес-сектордун кайрылуулары жана арыздары;
4) илимий-изилдөө жана аналитикалык материалдар;
5) социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктары жана башка булактар.
6-глава. Кошумча чаралар
7. Натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин биргелешкен чечими боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
8. Жумушчу топту түзүү үчүн кызыкдар орган башка мамлекеттик органга ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө тийиш.
9. Ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишине министрликтерди, ведомстволорду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартууга укуктуу.
10. Сунуштарды макулдашуу жана андан ары илгерилетүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин натыйжалары министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна жиберилет.
Сунуштардын мүнөзүнө жараша ведомстволор аралык жумушчу топ аны тиешелүү мамлекеттик органга төмөндөгүлөр үчүн жиберүү жөнүндө чечим кабыл алат:
1) мыйзамдарды өркүндөтүү максатында мыйзам долбоорун демилгелөө;
2) аныкталган коллизияларды, боштуктарды, карама-каршылыктарды жана коррупциялык ченемдерди жоюу максатында укуктук ченемдик актыны иштеп чыгуу;
3) министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызмат адамдары жол берген бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү.
11. Сунуштарды алган мамлекеттик орган аларды өз компетенциясынын чегинде аткарууга милдеттүү.
12. Судьялардын, сот органдарынын кызматкерлеринин жана прокуратура кызматкерлеринин маалымдуулугун жана квалификациясын жогорулатуу максатында, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизанын адистештирилген түрлөрүн даярдоо жана жүргүзүү боюнча биргелешкен окуулар, семинарлар жана конференциялар өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобого тиркеме
Укук ченемдеринин кемчиликтеринин түрлөрү
Талдоо жүргүзүүдө табылган ченемдик укуктук актынын түрү, кабыл алынган датасы, номери жана аталышы
Ченемдик укуктук актынын шайкеш келбеген бөлүгү, абзацы, пункту, беренеси, түрү, кабыл алынган датасы, номери жана аталышы
Аныкталган проблема боюнча кыскача маалымат
1
Карама-каршы ченемдер
2
Коррупциогендик ченемдер
3
Ченемдердеги боштуктар
4
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбеши
5
Юридикалык-техникалык мүнөздөгү каталар
6
Ченемдик укуктук актыны колдонууда анын маанисин бурмалаган жоболор
7
Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү ченемдер
8
Башка
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПТ № 210 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин…Распоряжение · 16.09.2024 · № 210