# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПТ № 210 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПТ № 210 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19295/edition/16067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПТ № 210 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси (16.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013422

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 16-сентябры ПТ № 210

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Ушул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Н. Жапаров
