Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-августу №235/38-5
Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-августундагы №1-22/2743 жана 26-августундагы №1-22/2740 кайрылууларын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу 2024-жылга карата чыгаша бөлүгүнүн сметасына каралган жумуштарынан үнөмдөлгөн 3773,8 миӊ сом суммасында каражаттарынын эсебинен бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин:
-Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинатына 3000,0 миң сом суммасында “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесине; -Токмок шаарынын БӨАОРМге спорттук шаймандарды жана башка товарларды сатып алуу үчүн 267,8 миң сом суммасында “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесинен “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” 2222 беренесине; -Токмок шаарынын БӨАОМге эмеректерди сатып алуу үчүн 506,0 миң сом суммасында “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренеси боюнча.
2. А4 кеңсе кагазын алуу үчүн Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесиндеги каралган акча каражаттын эсебинен 100,0 миң сом суммасында “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” 2222 беренесине бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.М. Сансызбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январы №176/31-5 "Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2024 · № 176/31-5