# Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 144 "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 144 "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31835/edition/15983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 144 "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013349

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 29-августу № 144 Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5-, 13- жана 58-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесине жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, 2023-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону Шеров Эрлан Кубанычбековичтин Кыргыз Республикасында спортту өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгегин эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, 2023-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону Шеров Эрлан Кубанычбековичке Бишкек шаары, Туңгуч кичи району, 23-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-04-15-0037-0038-01-003, муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү жөнүндө келишимди белгиленген тартипте түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага

К. Конгантиев
