# Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 146 "Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 146 "Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31834/edition/15981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 146 "Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013348

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 29-августу № 146 Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, түз сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 117 "2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2025-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин тизмегине ылайык, белгиленген тартипте түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

К. Конгантиев
