Бишкек шаардык кеңешинин «Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 146 Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, түз сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 117 "2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2025-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин тизмегине ылайык, белгиленген тартипте түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу…Постановление · 27.03.2007 · № 309
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-марты № 117 "2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.03.2024 · № 117
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123