Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 „Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 143 Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
токтомдун аталышынын расмий тилинде "земельных участков под" деген сөздөрдөн кийин "проектирование и" деген сөздөр менен толукталсын;
2-2-пунктунун 2 абзацындагы "гана" деген сөз алынып салынсын;
2-2-пункт төмөнкү мазмундагы 6-абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана шаар куруу документтерине каршы келбөөчү башка объекттерди".
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө"…Постановление · 19.11.2013 · № 58
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218