# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 541
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31671/edition/15786/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (03.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013128

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 3-сентябры № 541 Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 81-беренесине, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы:

– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

– ушул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын чегинде ишке ашырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
