# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) "Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) "Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2024-П-14/41-3-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-865/edition/15770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) "Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө" токтому (15.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013117

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 15-майындагы № 2026-П-12/30-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2024-жылдын 4-сентябры № 2024-П-14/41-3-(ПС) Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-2-(ПС) , 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык)

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдарга Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө жеткирүүсүз, чет мамлекеттерден кирүүчү же чет мамлекеттерге чыгуучу товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр предмети болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу компаниялардан тышкары, башка жактар менен түзүлгөн контракттар боюнча төлөм тапшырмаларын аткаруу үчүн кабыл алууга жана башка жолдор менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө чектөө белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу компаниялар тышкы экономикалык иштин субъекттерине карата эсептешүүлөр боюнча айрым жоболорду белгилөөгө укуктуу. Ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө жайылтылбайт. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-2-(ПС), 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумадан кийин күчүнө кирет жана 2026-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдарды тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төрага

М.Тургунбаев
