# Достук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-майындагы № 30/8-XXVIII "Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-майындагы № 30/8-XXVIII "Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/8-XXVIII
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31660/edition/15757/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-майындагы № 30/8-XXVIII "Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (31.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013111

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 31-майы № 30/8-XXVIII

Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. С. Кымыналиевдин, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Н. Аалиевдин жалпы аянты 125,8 га, алардын ичиндеги контурлар:№1 (аянты 4,8 га), №3 (аянты 25,8 га), №20 (аянты 0,3 га), №21 (аянты 94,9 га) жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Жер кодексине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Достук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 125,8 га жер участоктор, алардын ичиндеги контурлар: №1 (аянты 4,8 га), №3 (аянты 25,8 га), №20 (аянты 0,3 га), №21 (аянты 94,9 га) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан (кайрак айдоо жери) "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Достук айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 125,8 га жер участоктор, алардын ичиндеги контурлар: №1 (аянты 4,8 га), №3 (аянты 25,8 га), №20 (аянты 0,3 га), №21 (аянты 94,9 га) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан (кайрак айдоо жери) "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө өтүнүч кат берилсин жана бул токтом мыйзамда белгиленген тартипте бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.

Төрага

Айтиев Т.Т.
