Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Достук айылдык кеңешинин «Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майы № 30/8-XXVIII
Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. С. Кымыналиевдин, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Н. Аалиевдин жалпы аянты 125,8 га, алардын ичиндеги контурлар:№1 (аянты 4,8 га), №3 (аянты 25,8 га), №20 (аянты 0,3 га), №21 (аянты 94,9 га) жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Жер кодексине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Достук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 125,8 га жер участоктор, алардын ичиндеги контурлар: №1 (аянты 4,8 га), №3 (аянты 25,8 га), №20 (аянты 0,3 га), №21 (аянты 94,9 га) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан (кайрак айдоо жери) "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Достук айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 125,8 га жер участоктор, алардын ичиндеги контурлар: №1 (аянты 4,8 га), №3 (аянты 25,8 га), №20 (аянты 0,3 га), №21 (аянты 94,9 га) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан (кайрак айдоо жери) "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө өтүнүч кат берилсин жана бул токтом мыйзамда белгиленген тартипте бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага
Айтиев Т.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон