# Достук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 48/12-XXVIII "Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 48/12-XXVIII "Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48/12-XXVIII
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31659/edition/15755/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 48/12-XXVIII "Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013108

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 12-июлу № 48/12-XXVIII

Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.10.2023-ж. №633-р Буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-ж. 27-июнундагы №321 "Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдары айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын соода-логистикалык борборун куруу үчүн №1362 контурундагы жалпы аянты 24,5 га жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Достук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Соода-логистикалык борборду куруу үчүн №1362 контурундагы (сугат айдоо жери) аянты 24,5 га жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, коргонуу, энергетика, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына соода-логистикалык борборду куруу үчүн №1362 контурундагы (сугат айдоо жери) аянты 24,5 га жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, коргонуу, энергетика, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө өтүнүч кат берилсин жана бул токтом мыйзамда белгиленген тартипте бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.

Төрага

Айтиев Т.Т.
