Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Достук айылдык кеңешинин «Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлу № 48/12-XXVIII
Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.10.2023-ж. №633-р Буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-ж. 27-июнундагы №321 "Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдары айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын соода-логистикалык борборун куруу үчүн №1362 контурундагы жалпы аянты 24,5 га жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Достук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Соода-логистикалык борборду куруу үчүн №1362 контурундагы (сугат айдоо жери) аянты 24,5 га жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, коргонуу, энергетика, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына соода-логистикалык борборду куруу үчүн №1362 контурундагы (сугат айдоо жери) аянты 24,5 га жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, коргонуу, энергетика, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө өтүнүч кат берилсин жана бул токтом мыйзамда белгиленген тартипте бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага
Айтиев Т.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 321 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча…Постановление · 27.06.2019 · № 321 · Күчүн жоготкон