# Раззаков шаардык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №6 "Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Раззаков шаардык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №6 "Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31648/edition/15735/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Раззаков шаардык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №6 "Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013087

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы) 2024-жылдын 29-августу № 6 Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата төмөнкү сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмеси бекитилсин жана өздүк салым катары каралган акча каражаттары 2025-жылдын бюджетине киргизүү жагы каралсын.

1. Дем берүүчү грантка: Агартуу, М.Бабаев жана Восточная-3 көчөлөрүндөгү 1904метр жолдорун оңдоо долбоору жалпы суммасы 13328,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 8328,0 мин сом.

2. Дем берүүчү грантка: Орто-Дөң, Булак-Башы жана Чынар көчөлөрүндөгү 2485метр жолдорун оңдоо долбоору жалпы суммасы 14910,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 9910,0 мин сом.

3. Дем берүүчү грантка: “Наристе” балдар бакчасын капиталдык оңдоо долбоору, жалпы сумма 10827,0 мин сом, анын ичинде өздүк салым 5827,0 мин сом.

4. Райондук өнүктүрүү фондуна: Раззаков шаарынын Манас-Ата жана И.Раззаков көчөлөрүндө 1300метр жол инфратүзүмүн оңдоо долбоору, жалпы сумма 12740,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 3740,0 мин сом.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Б.Айтемиров
