# Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №118 "Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №118 "Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31640/edition/15727/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №118 "Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө" токтому (05.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013080

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы

2024-жылдын 5-сентябры № 118

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 токтомуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын жана Айгүл-Таш айылынын ата-энелеринин арызындагы мектеп жатаканасы маселесин окуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVII сессиясы токтом кылат:

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы “Кара-Токой” гимназия- мектебинин гимназия статусу жоюлгандыгына байланыштуу гимназиянын жатаканасын, мектеп алдындагы жатакана кылып кайрадан уюштурууга макулдук берилсин.

Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бөрүев
