# Сары-Коо айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 27 "Сары-Коо айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Коо айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 27 "Сары-Коо айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013064>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31632/edition/15709/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013064.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Коо айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 27 "Сары-Коо айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө" токтому (18.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013064

---

САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2022-жылдын 18-октябры № 27

Сары-Коо айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-5 бөлүгү, 37-беренесинин 3-бөлүгү жана 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4-мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Сары-Коо айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Коо айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү мүлк салыктары киргизилсин:

- Айыл чарба жерлерине мүлк салыгы;

- Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы;

-Турак жай эмес имаратына, курулмага жана жайга;

- Транспорт каражатына мүлк салыгы;

- Айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгы.

-Үй жанындагы, короо жай багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгы.

2. Айыл аймагында экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн, зоналдык коэфициент - 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (А.Акматова) бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, Юстиция Министерствосуна Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Абдылдаевге жүктөлсүн.

Сары-Коо айылдык кеңешинин төрагасы

Шамыров Ж.Р.
