# Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 102/XXIV "Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 102/XXIV "Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102/XXIV
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013054>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31628/edition/15659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013054.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 102/XXIV "Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013054

---

Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 24/IV токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 15-июну № 102/XXIV Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө “Аталык групп” жабык акционердик коомунун 2023-жылдын 14-июнундагы № 67 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-беренесинин 2-п.,18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Убактылуу жобосунун 14 пунктуна ылайык, Ново-Покровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ново-Покровка айыл аймагынын № 2 контурдагы жалпы аянты 3,1 га “Полигон” участкасында жайыт жерлер категориясынан асыл тукум канаттуулар фабрикасы - айыл чарба объектисин курууга багытын которууга макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.

Төрага

Ш.И. Турдиев
