Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы №22-2 “Ат-Башы айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышы XX сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 20-10 Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы №22-2 “Ат-Башы айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИСтин) 2024-жылдын 16-июлундагы чыгыш №05-595 сандуу катынын негизинде“Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү Жобонун 8-бөлүмүнө өзгөртүү жана толуктөө киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы №22-2 “Ат-Башы айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун 8-бөлүмүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1) 8-бөлүмдүн 73-пункту толукталуталып, төмөндөгүдөй баяндалсын:
- муниципалдык менчик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин ишке ашыруунун алкагында жеке ишкердик өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга берилсе;
- муниципалдык менчик Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун ортосундагы «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында ири долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо жылдагы макулдашуусунун алкагында белгиленген тартипте тандалган Бизнес-өнөктөшкө берилет.” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 8-бөлүм кошумча 73.1 пункту төмөндөгүдөй баяндалсын:
“73-пункттун 4-подпунктунда көрсөтүлгөн ижарачыларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык мүлктү ижарага берүү учурунда бир календардык жыл үчүн ижарага алынган мүлк үчүн төлөмдүн өлчөмү ижарага берүүчү тарабынан төмөндөгү жолдордун бири менен аныкталат: -төмөнкү формула боюнча эсептөө боюнча: ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтү/100* мүлктүн наркы/өзүн актоо мөөнөтү (ай менен);
- ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтүнүн ичинде 1 эсептөө көрсөткүчү менен тѳлѳнѳт, анда ижара акысынын суммасы төмөнкү формула менен эсептелип тѳлѳнѳт: өзүн актоо мөөнөтү/100* мүлктүн наркы/ өзүн актоо мөөнөтү (ай менен).” деген сөздөр менен толукталсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнбашчысы Р. Докоевге жүктөлсүн.
Төрага
Э. Толубаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.