# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1803-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эриковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 26-декабрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1803-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эриковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 26-декабрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1803-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15807/edition/15579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230013043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1803-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эриковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 26-декабрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу" токтому (10.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013043

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 10-январы № 1803-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эриковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 26-декабрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 26-декабрындагы № 08-02 сунуштамасын, атайын депутаттык комиссиянын маалымдамасын (тиркелет) карап жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасы А.Т.Эрбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Эрбаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү жана 378-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушуна макулдук берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушу канааттандырылсын.

Төрага

Н.Т. Шакиев
