# Савай айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 6 "Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Савай айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 6 "Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31615/edition/15549/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Савай айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 6 "Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө" токтому (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013035

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 2024-жылдын 1-сессиясы

2024– жылдын 24-январы № 6

Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 518-токтому менен бекитилген ЖОБОсунун, (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324-токтомунун редакциясына ылайык), ӨКМнин 2023-жылдын 24-майындагы № О-194 корутундусунун негизинде; Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан 1960-жылы курулган бала бакчанын эскилиги жеткен имараты бузууга берилсин.

2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Мамашов
