Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2024-П-10/27-5-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) "Регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 40 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) "Регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2024-жылдын 1-июлунан тартып" деген сөздөр жана сандар "2024-жылдын 1-октябрынан тартып" деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын.
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу
К.Куленбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- "Об утверждении Положения "О требованиях к формированию, публикации и предоставлению в Национальный банк Кыргызской Республики финансовой отчетности небанковскими…Постановление · 14.02.2024 · № 2024-П-12/5-4-(НПА)
- Положение "О регулятивной банковской отчетности"Положение · 19.07.2023 · № 2023-П-10/43-5-(НПА)