Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору» мекемесинин түзүмү жана штаттык санын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 29-августу № 515-т
Салттуу маданият жана искусство чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын натыйжалуу иштешин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору" мекемесинин түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун фольклордун жана салттуу музыка искусствосунун тарыхы, теориясы бөлүмүнүн 4 штаттык бирдигин кошуу менен 12 штаттык бирдик санында тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору" мекемесин Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а дареги боюнча жайгашкан имараттын биринчи кабатында, аянты 499,4 кв.м болгон жайда жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте белгиленген тартипте коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а дареги боюнча жайгашкан имаратта акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында төмөнкүлөрдү берсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке экинчи кабатта аянты 300 кв.м болгон ээлеген жайларды;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясына жертөлөдөгү, чатырдагы, биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттардагы аянты 2002,08 кв.м болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институту ээлеген жайларды.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 553-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул тескеме 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктту кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору" мекемесинин түзүмү жана ШТАТТЫК САНЫ
№
Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
Коэффициент
Башкаруу аппараты
1
Директор
1
2,6
2
Окумуштуу катчы
1
2,3
3
Башкы бухгалтер
0,5
1,8
4
Кадрлар боюнча инспектор
0,5
1,5
Бардыгы:
3
Фольклордун жана салттуу музыка искусствосунун тарыхы, теориясы бөлүмү
1
Бөлүмдүн башчысы
1
2,2
2
Башкы илимий кызматкер
1
2
3
Жетектөөчү илимий кызматкер
1
2
4
Илимий кызматкер
1
1,8
Бардыгы:
4
Салттуу маданият бөлүмү
1
Бөлүмдүн башчысы
1
2,2
2
Жетектөөчү илимий кызматкер
1
2
3
Улук кызматкер
1
1,9
4
Илимий кызматкер
1
1,8
Бардыгы:
4
Кенже тейлөөчү персонал
1
Техникалык персонал
1
1
Бардыгы
1
Жалпы
12
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 15.01.2025 · № 10