# Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 59 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 59 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31491/edition/15329/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 59 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө" токтому (23.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012871

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы

2022-жылдын 23-декабры № 59

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө

Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткаруу комитетинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамаатар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында түзүлгөн айылдардыгы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын айылдык кеӊеште каттоо боюнча талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) айылдык кеӊештен каттоодон өткөрүлсүн.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын аймагында аткарылсын.

3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеӊештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин төрагасы Ж.Ысырайыловго тапшырылсын.

5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары

М.Б. Суранбаева
