Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2024-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 511
2024-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды тандап текшерүү үчүн тиркемеге ылайык курамда Республикалык чакыруу комиссиясы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтүүнүн алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы топтоо пункттарын врач-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
2) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2024-жылдын сентябрь-ноябрында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга укугу жок, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жынысындагы жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Каипов Сардарбек Эсенович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы;
Мамбеталиев Мирбек Кемелович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары - аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Атакозуева Гульнура Мамановна
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Джабаров Нематжан Ганиевич
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү;
Акылбеков Нурланбек Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Токушов Сардарбек Акматсултанович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Урманбетов Уланбек Асанович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Алымбаев Мырзабек Муканбетжанович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Назаралиев Азамат Автандилович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Таранчиев Кеңешбек Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Республикалык топтоо пунктунун башчысы;
Жээнбеков Накен Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы топтоо пунктунун башчысы;
Мамадиев Тургунбай Абсаттарович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы топтоо пунктунун башчысы;
Маматеминов Советбек Маматкадырович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунун башчысы;
Муратов Абдумалик Эргешович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик бейтапканасынын врач-невропотологу;
Матазов Бакыт Абдылдаевич
-
Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу;
Кочкоров Максат Кочкорович
-
Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу;
Саламов Сабыр Саламович
-
Кадамжай шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-урологу;
Ташмамбетова Гульмира Болотбековна
-
Балыкчы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти;
Жумабекова Индира Масалбековна
-
Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти.
Резерв:
Койтукуров Илинбек Төлөнович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Республикалык топтоо пунктунун башчысынын орун басары;
Садиев Арслан Конушбекович
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы топтоо пунктунун башчысынын орун басары;
Баатыр уулу Алманбет
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы топтоо пунктунун башчысынын орун басары;
Жарматов Бакытбек Эргешалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунун башчысынын орун басары;
Ормонов Мыйзам Уруксатбекович
-
Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу;
Алымбаев Арстан Чырмашевич
-
Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары;
Исмаилов Нурдин Кимсанбаевич
-
Кадамжай шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-урологу;
Сарманова Чинархан Абдыкадыровна
-
Балыкчы Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-фтизиатры;
Сартпаева Эльмира
-
Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.