# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № XXIX/1-09 "Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № XXIX/1-09 "Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXIX/1-09
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31419/edition/15206/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № XXIX/1-09 "Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө" токтому (07.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012744

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 7-майы №XXIX/1-09 Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын К.Бегалиев атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашын жакшыртуу максатында жана бүгүнкү күндө тамаш-аш продукциясынын кымбатташына байланыштуу Жаны-Алыш бала бакчасынын директору Шакеева А.К. катын окуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 11-августундагы №179-мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 2- пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмү 1000 сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын К.Бегалиев атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Шакеева А.К. бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмдүн өзгөрүүшү жөнүндө ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

Кеңешинин төрагасы

Б.Мырзадаиров
